• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

УКМКнын Аксы райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. УКМКнын Аксы райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Кербен шаарында УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгынын Аксы райондук бөлүмү үчүн курулган жаңы, заманбап административдик имараттын ачылышы болду.

Иш-чарага облустук башкы башкармалыктын өздүк курамы жана жетекчилиги, атайын кызматтын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

КР УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгынын Аксы райондук бөлүмүнүн имараты Атайын кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында курулуп, пайдаланууга берилди.

Аксы райондук бөлүмүнүн жаңы курулган имараты кызматкерлердин иштөө шарттарынын талабына жооп бере турган керектүү заманбап жабдуулар менен камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий