• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМКнын Ала-Бука райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду

Аймак 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6-октябрында УКМКнын Ала-Бука райондук бөлүмү үчүн курулган жаңы имараттын ачылышы болду. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, комиттетин жергиликтүү өздүк курамы жана ардагерлери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Ачылыш аземинде Камчыбек Ташиев - атайын кызмат мындан ары да уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы иш-аракеттерди активдүү улантаарын белгиледи. Ала-Бука району мамлекеттик чек арага жакын аймак экенин эске салган төрага, кызматкерлерден контрабандага толугу менен бөгөт коюу талап кылынаарын баса белгиледи. Коопсуздук комитетинин аймактардагы бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кызматкерлерге жетиштүү шарттарды түзүп берүү аракеттери мындан ары да улантылаарын кошумчалады.

УКМКнын Ала-Бука райондук бөлүмү 1936-жылы курулган, иштөө үчүн шарттары жок жайда кызмат өтөп келген.

Пикир

Оставить комментарий