• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

УКМКнын алдындагы тартипсиздиктин жүрүшүндө С.Жапаровдун 68 тарапташы кармалды – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. Милиция кызматкерлери укук коргоо органдарына кол салгандыгы, коомдук тартипти бузгандыгы үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жанындагы митингге чыккан Садыр Жапаровдун 68 тарапташын кармады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн саат 14:30 дар чамасында УКМКнын мекемесинин каршысында экс-депутат С.Жапаровдун 500 гө жакын тарапташы чогулуп, анын бошотулушун талап кылышкан.

“Алар 2 сааттын ичинде ар түрдүү ураан чакырышып кыйкырып турушту. Бир нече ирээт биздин кызматкерлерди кагылышууга провокациялашып, саат 16:30 дан кийин милиция кызматкерлери тарапка суусу бар бөтөлкөлөрдү ыргытышып, андан кийин жыгачтар менен урушуп, таш ыргыта башташкан. Андан соң мыйзам бузуучуларды кармоо боюнча мыйзамга ылайык чаралар көрүлгөн. Жалпысынан 68 адам кармалды, алар учурда 1-Май райондук Ички иштер башкармалыгында кармалып турушат”,-деди ал.

Өз кезегинде Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги Самат Курманкулов КРнын Кылмыш кодексинин 3 беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

“Биринчи, 234 (Ээнбаштык), 341 (Милиция кызматкерине кол салуу) жана 171-беренелерде (Башка бирөөнүн мүлкүн атайылап талкалоо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда Бишкек шаарында тартипти сактоо боюнча чаралар көрүлүүдө”,-деп белгиледи ал.

С.Жапаров бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы “Акжол-унаа жолу” текшерүү-көзөмөл бекетинде кармалып, УКМКга жеткирилген. Ал КРнын Кылмыш кодексинин 227, 341, 113 жана 234-беренелеринде (өлүм менен коркутуу, барымтага алуу, ээнбаштык, бийлик өкүлүнө кыйноо көрсөтүү) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.

Тергөө тарабынан 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында митинг учурунда каршылык акциясынын катышуучулары КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Э.Каптагаевди облмамадминистрациясынын имаратынын жанында токтотулган «Фольксваген Венто» маркасындагы унаага күчтөп салып, аны барымтага алышкандыгы аныкталган. Күбөлөрдүн көрсөтмөсү боюнча, бул митингдин жана андан кийинки укук бузуу аракеттеринин уюштуруучусу мобилдик байланыш аркылуу Э.Каптагаевди бошотпоо көрсөтмөсүн берип, “буга чейин макулдашылган план” боюнча иш кылууну талап кылган С.Жапаров болгон. Милиция кызматкерлеринин операциясынын натыйжасында Э.Каптагаев бошотулган.

Ал кармалгандан кийин 500 гө жакын анын тарапташтары УКМКнын мекемесинин жанында митингге чыгышкан. С.Жапаровдун тарапташтары эки ирет курчоону бузууга аракет кылышкан. Атайын кызматтын кызматкерлери каршылык акциясынын катышуучуларын кубалап жиберишкен.

Пикир

Оставить комментарий