• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

УКМКнын Ат-Башы райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 24-октябрда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Ат-Башы райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү.

КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ачылыш аземге облустук башкармалыктын өздүк курамы жана жетекчилиги, атайын кызматтын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Ат-Башы райондук бөлүмүнүн имараты атайын кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында курулуп, пайдаланууга берилди. Ат-Башы райондук бөлүмүнүн жаңы курулган имараты кызматкерлер үчүн керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган жана иштөө шарттары талапка жооп берет.

Мындан тышкары, Нарын облусу боюнча имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, алдыңкы бөлүгү толугу менен жаңыланып, спорт залы пайдаланууга берилди.

Ошону менен бирге УКМКнын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий