• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМКнын Чек ара кызматынын куралдануусуна «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттар келип түштү

Президент 0

Бишкек, 18.12.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын куралдануусуна берилген «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарды көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчыга бул аппараттарды башкаруу системасы тууралуу айтып, алардын ишин көрсөтүштү.

Аталган аппараттар толугу менен республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынды жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий