• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

УКМКнын ишмердиги коррупцияга каршы күчөтүлгөн күрөшкө багытталышы керек - Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 04.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоо жана КР УКМКнын учурдагы ишмердиги, терроризм, диний экстремизм менен күрөш жана террористтик багыттагы кылмыш иштерин алдын алуу боюнча иш-чараларды активдештирүү чаралары боюнча маалымат берилди.

Мамлекет башчысы терроризм жана экстремизм Кыргыз Республикасы үчүн эң актуалдуу коркунучтардан экенин белгиледи. “Тиешелүү органдар жалпысынан терроризм жана диний экстремизм жаатындагы учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттерди көрүүдө. Бирок бул коркунучтар узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ болгондуктан, бул багытта жумушту күчөтүү керек. Радикалдуу агымдарды жактоочулардын арасында алдын алуу иштерин күчөтүп, экстремисттик идеологиянын социалдык түйүндөрдө таркашына өзгөчө көңүл бөлүп, терроризм менен экстремизмге каршы маалыматтык күрөштү күчөтүү, бирдиктүү стратегияны, анын ичинде маалыматтык стратегияны иштеп чыгуу талап кылынат”, - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы мамлекеттик органдардагы коррупция менен аеосуз күрөш Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишмердигинин артыкчылыктуу багыты болушу керектигин белгиледи. “УКМКнын ишмердиги укук коргоо, сот органдары жана башка мамлекеттик структуралардагы коррупцияга каршы күчөтүлгөн күрөшкө багытталышы керек”, - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий