• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМКнын мас кызматкери элдерди тапанча менен коркутууда. Маалымат текшерилип жатат

Коом 0


Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. Инстаграм социалдык тармагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери LiveBar эс алуу жайынын алдында элдерди тапанча менен коркутуп жатканы чагылдырылган видео жарыяланган.

“КР УКМКнын мас кызматкери табелдик тапанча менен кардарларды коркуткан”, - деп айтылат анда.

УКМКнын басма сөз кызматынан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, маалымат текшерилип жатат.

“Эгерде ал адам биздин кызматкер экендиги аныкталса, ал катуу жазага тартылат”, - деп билдиришти УКМКдан.

Пикир

Оставить комментарий