• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМКнын тергөө абагындагы ЖК депутаты Артыкбаевге тез жардам чакырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. УКМКнын тергөө абагындагы Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев өзүн жаман сезип, ага тез жардам чакырууга туура келген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басм асөз кызматы билдирет.

«Азыр анын абалы турукташып, ал УКМКнын тергөө абагында дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды», - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 5-июнда Башкы прокурор Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүнүн («Коррупция») негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал кылмыш иши «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун ишке ашырууга катыштуу. Артыкбаев кармалып, Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий