• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМКнын ведомстволук сайтын бузуу аракети аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ведомстволук сайтын зыян программалык камсыздоону колдонуп, мыйзамсыз бузуу аракети аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк) жана 305-беренеси (Зыян келтирүүчү компьютердик программаларды түзүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүшкө катталды.

Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында 46 жаштагы «К.Б.Т» аттуу жарандын техникалык аппараттарында көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерге анын катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер табылды.

Белгилей кетүүчү жагдай, ушул беренелерге ылайык, эсептик көрсөткүчтөрдүн 1800дөн 3000ге чейинки өлчөмүндө айыппул же болбосо 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Пикир

Оставить комментарий