• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМКнын "жалган кызматкери" 200 миң сом алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.03.22. /Кабар/. УКМК "жалган кызматкери" опузалап талап кылып жана акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан кылмыш ишинин материалдарынын негизинде жакын тууганына карата Талас облусунун соту жана прокуратурасы тарабынан оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүп берем деп "Т.Г.М." аттуу жарандан 300 миң сом талап кылып, алып жаткан жеринен УКМКнын жалган кызматкери кармалды.

2022-жылдын 4-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Алдамчылык) туралуу "Т.Г.М." аттуу жарандын арызы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, талап кылган акча каражатынын 200 миң сомун алып жаткан учурунда "Ж.Т.Ш." аттуу жаран кармалды.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий