• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМКнын жана Мамбайланыш агенттигинин кызматкерлери коррупция боюнча айыпталууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Аскер прокуратурасы тарабынан радиожыштык спектрин пайдаланууга берилген лицензиянын мөөнөтүн мыйзамсыз узартууга байланышкан дагы бир коррупциялык кылмыштын бети ачылып, иштин тергөөсү аяктап, соттун кароосуна жиберилди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө “Скайнет Телеком” жеке компаниясына колдонууга берилген лицензиянын мөөнөтүн Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана УКМКнын жооптуу кызмат адамдары аталган компаниянын башчылары менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барып, старттык баасы 6 млн сомдон кем эмес бааланган лицензияны 4 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү пара аркылуу мыйзамсыз узартып беришкендиги аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен “Скайнет Телеком” компаниясынын эки, Мамлекеттик байланыш агенттигинин эки жана УКМКнын бир жооптуу кызматкери Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) боюнча иш козголуп, соттун кароосуна жиберилди.

Ал эми “Скайнет Телеком” компаниясына берилген старттык баасы 6 млн 212 миң 850 сомдук лицензия мамлекетке кайтарылып, мамлекеттик бюджетке 3 млн сом өндүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий