• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

УКО-2019: Көк бөрү боюнча Баткендин курамасы Ош шаарын 6:5 эсебинде жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча мелдеште Баткен облусунун курамасы Ош шаарын 6:5 эсебинде жеңип алды.

Бүгүн көк бөрү боюнча мелдеште 6 команда беттешти. Алгачкы оюнда Таластын улакчылары Нарын облусун 12:2 эсебинде утуп алган. Ал эми, Ысык-Көлдүн командасы 9:2 эсебинде Жалал-Абад облусун жеңип чыккан.

Эскерте кетсек, Улуттук көчмөндөр оюндары Талас шаарында 16-21-сентябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий