• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКО-2019: Көк бөрү мелдешинин жарым финалында ойной турган командалар белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Талас шаарында өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалында ойной турган командалар белгилүү болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн Ош облусунун улакчылары Баткен жана Ысык-Көл облусунун командаларын жеңип, жарым финалга чыккан.

Чучукулактын негизинде жарым финалга чыккан командалар бөлүштүрүлдү. Анда Талас облусу менен Чүй облусу, Ош облусу менен Бишкек шаарынын улакчылары оюн өткөрөт. Беттеш 20-сентябрда Р. Алканов атындагы ат майданында өтөт.

Эскерте кетсек, көк бөрү боюнча мелдештин финалдык таймашы 21-сентябрда болот.

Пикир

Оставить комментарий