• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКО-2019: Көк бөрү оюну боюнча экинчи күндүн жыйынтыгы чыкты

Спорт 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Талас шаарынын Р. Алканов атындагы ат майданында өткөрүлүп жаткан көк бөрү оюнунун экинчи күнүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Жалпы оюнга 6 команда катышты. Алгач, Таластын улакчылары Нарын облусун 12:2 эсебинде утуп алды. Андан кийин Ысык-Көлдүн командасы Жалал-Абад облусун 9:2 эсебинде артта калтырса, Баткен облусунун улакчылары Ош шаарынан 6:5 эсебинде жеңишти илип кетти.

Чучукулактын негизинде көк бөрү оюнунда 9 команда ат салышууда. Алар үч топко бөлүнгөн.

Оюндардын жүгүртмөсү:

"А" тобу: Ош облусу, Нарын облусу, Талас облусу;

"В" тобу: Бишкек шаары, Ысык-Көл облусу, Жалал-Абад облусу;

"С" тобу: Чүй облусу, Баткен облусу, Ош шаары.

18-сентябрдын жүгүртмөсү:

10:00-11:30 – Ош – Талас;

11:30-13:00 – Бишкек шаары – Жалал-Абад;

13:00-14:30 – Чүй – Ош шаары.

Пикир

Оставить комментарий