• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКО-2019: "Манас Ордо" комплексинде маданий иш-чаралар башталды

Аймак 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында "Манас Ордо" тарыхый комплексинде маданий иш-чаралар башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маданий бөлүктү Айгүл гүлүнө арналган театралдаштырылган көрсөтүүсү менен Баткен облусунун өкүлдөрү ачышты. Ошондой эле, "Улуттук бий", "Улуттук кийим", "Боз үйдү кооздоо", "Көчмөндөрдүн ашканасы", "Элдик кол өнөрчүлүк" жана "Кыз узатуу" салты туурасында көрсөтүүлөрдү коюшту.

Белгилүү болгондой, ар бир облус өзүнүн маданий программасын жана театралдаштырылган көрсөтүүсүн тартууламак. Мындан улам, Баткен облусунан кийин Бишкек, Ош шаары, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облусу өздөрүнүн көрсөтүүлөрүн тартуулашты.

Жети облус бири-биринен жасалгалоосу менен айырмаланган боз үйлөрүн тигишти. Коноктор үчүн дасторкон жайылып, улуттук тамак-аштар коюлду.

Белгилеп кетсек, иш-чаранын негизги бөлүгү 21-сентябрда болуп, ага 2 миңдей адам катышат.

Пикир

Оставить комментарий