• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

УКО-2019: Ош облусунун улакчылары Баткен жана Ысык-Көлдүн командаларын жеңип, жарым финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 19-сентябрь күнү Талас шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдештин төртүнчү күнүндө жарым финалга чыга турган командалар оюн өткөрүштү.

Ош менен Баткен облусунун командаларынын оюнунда эсеп 2:2 болуп, кошумча убакыт берилди. Кошумча берилген убакта Ош облусунун улакчысы Манас Ниязов тай казанга улак салып, командасына жеңиш алып келди.

Андан кийин, Ош облусунун улакчылары Ысык-Көлдүн командасы менен оюн өткөрүп, атаандаштарын 4:1 эсебинде утуп алды.

Жыйынтыгында Ош облусунун командасы мелдештин жарым финалына чыкты.

Пикир

Оставить комментарий