• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКО-2019: Оштун улакчылары финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Талас шаарында өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалында Оштун улакчылары Бишкек шаарынын командасы менен беттешти.

8:5 эсебинде Ош облусунун командасы Бишкек шаарынын улакчыларын жеңип алды. Мындан улам, финалдык таймашка Оштун улакчылары менен Чүй облусунун командасы чыкты.

Буга чейин Чүй облусунун улакчылары Талас командасын 5:2 эсебинде утуп алган. Көк бөрү мелдешинин 3-оруну үчүн Талас менен Бишкек шаарынын командалары оюн өткөрөт.

Эскерте кетсек, Улуттук көчмөндөр оюндарынын көк бөрү боюнча мелдештин 3-орун үчүн беттеш жана финалдык оюн 21-сентябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий