• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКО-2019: Оштун улакчылары Нарындын командасын жеңди

Аймак 0

Талас, 16.09.19. /Кабар/. Бүгүн Талас шаарында Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында көк-бөрү оюну боюнча биринчи оюн өтүп, талаада Ош менен Нарын облусунун улакчылары беттешти.

Оюн абдан кызыктуу өтүп, жыйынтыгында Оштун улакчылары Нарындын командасын 12:0 эсебинде артта калтырган.

Чучукулактын жыйынтыгы менен турнирде 9 команда ойнойт. Алар үч топко бөлүнгөн.

Оюндардын жүгүртмөсү:

«А» тобу: Ош облусу, Нарын облусу, Талас облусу;

«В» тобу: Бишкек шаары, Ысык-Көл облусу, Жалал-Абад облусу;

«С» тобу: Чүй облусу, Баткен облусу, Ош шаары.

16-сентябрга карата программа:

Ош облусу – Нарын облусу;

Бишкек шаары – Ысык-Көл облусу;

Чүй облусу – Баткен облусу.

Пикир

Оставить комментарий