• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Украина: Ирпин жана Борисполь шаарында калган кыргызстандыктар эвакуацияланды

Коом 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Украинанын Ирпин жана Борисполь шаарында калган кыргызстандыктар эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов соцтармакка билдирүү калтырды.

Анын айтымында, Днепр дарыясынын (Борисполь шаары) чыгыш жээгинен үч күндөн бери жете албаган жаш балалуу аялды эвакуациялоого мүмкүн болду.

“Ал азыр Польшага аман-эсен жетти. Ошондой эле кечээ кагылышуу болгон Ирпин шаарынан 10 адамдан турган эки үй-бүлө жаш балдары менен чыгып кетишти. Аларга борборго барууга украиналык аскер кызматкерлери жардам беришкен. Учурда алар коопсуз жерде. Кыргызстандын элине ар кандай жардам көрсөтүп жаткан Украинанын жарандарына ыраазычылык билдиргим келет”, - дейт ал.

Элчи Украинада түн салыштырмалуу тынч өткөнүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий