• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Украина: Жогорку рада күч түзүм башчыларынын отставкасын кабыл алган жок

Дүйнө 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Украинанын Жогорку радасы тышкы иштер министри Павел Климкин, коргоо министри Степан Полторак жана коопсуздук кызматынын башчысы Василий Грицакты отставкага кетирүүдөн баш тартты. Аларды кызматтан алуу жөнүндө президент Владимир Зеленскийдин мыйзам долбоору тиешелүү добуш топтой алган жок.

Климкин кызматтан кетерин 17-майда билдирген. Зеленский ант берүү аземи учурунда Полтарак менен Грицакты да ушундай эле кадамга барууга чакырган. Экөө тең арыз жазган. Бирок соңку чечимди Рада чыгармак.

Буга чейин депутаттар премьер-министр Владимир Гройсмандын отставкасын кабыл алуудан баш тартышкан.

Жогорку рада Зеленский сунуштаган бир дагы мыйзамды карай элек.

Инаугурациядан кийин Зеленский дароо Жогорку раданы тараткан. Бирок азыркы чакырылыштын депутаттары мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөнгө чейин иштешет. Шайлоо 21-июлга белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий