• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Украинада 50дөн ашык окуучу тамакка ууланды

Дүйнө 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Украинанын Одесса шаарындагы мектептин ашканасында 50дөн ашык окуучу тамак-ашка ууланып ооруканага кайрылган. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматынан билдиришкенин РИА Новости жазып чыкты.

"15-19-сентябрь күндөрү шаардык жугуштуу ооруканага болжол менен "тамактан уулануу" диагнозу менен 53 окуучу кайрылган. Окуучулар Одесса шаарындагы №11-мектептин ашканасында тамактангандан кийин ууланган", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күнгө карата ооруканада 5 окуучу жатат.

Эпидемияга каршы комплекстик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий