• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Украинада үйлөнүү үлпөт тоюнда тамак-аштан 19 адам ууланды

Дүйнө 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Украинанын Черновиц облусундагы ресторандардын биринде үйлөнүү үлпөт тоюн майрамдоодо 19 адам ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматынын билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, тамак-аштан ууланып ооруканага 19 адам кайрылган, алардын ичинен төртөө кичинекей балдар болгон. Алар 29-30-сентябрь күнү "Оскар" ресторанында өтүп жаткан үйлөнүү үлпөт тоюнда тамактан ууланган.

Учурда эпидемияга каршы комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий