• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Украинада кыргызстандыктарды эвакуациялоо башталды – элчи

Коом 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Facebook`тагы баракчасына жакында кыргызстандыктарды эвакуациялоо башталарын билдирди.

“Жарым сааттын ичинде Украинада комендаттык сааттын убактысы бүтөт. Андан кийин биздин жарандарды эвакуациялоону баштайбыз. Жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат беребиз”, - деп жазган ал.

Мындан мурда КР Тышкы иштер министрлиги 27-февралда кыргызстандыктардын тобу украин-польша чек арасынан өткөнүн, алар азыркы учурда Польшанын Кендзежин-Козле шаарында коопсуз жайда экенин кабарлаган. КРнын Польшадагы ардактуу консулу мейманканага жайгаштырууну уюштурган.

Ошондой эле Кыргызстандын Молдовадагы ардактуу консулунун көмөгү менен украин-молдова чек арасынан өткөн Кыргызстандын жарандары учурда Кишинев шаарында жана Леордоайдагы "Manas yurt village" комплексинде турушат.

Пикир

Оставить комментарий