• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Украинада окуучуларды ташыган автобустун айдоочусу инсультка кабылып, тосмону сүздү (видео)

Дүйнө 0


Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Украинада окуучуларды ташыган автобустун айдоочусу инсультка кабылып, тосмону сүздү. Бул тууралуу "Днепр оперативный" басылмасы билдиргенин Известия сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Украинанын Каменск шаарында болгон. 66 жаштагы айдоочу окуучуларды ташып бара жаткан учурда инсульттан улам каза болуп калган. Ичинде 20 окуучу жана эки мугалим бар автобус тосмону сүзгөн.

Видеодо байкалгандай автобус жүрүп баратканда окуучу кыз унаадан түшүп калган. Ал эми автобус жолдон чыгып, салынып жаткан дүкөндүн тосмосун сүзгөн.

Окуядан жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда.

Пикир

Оставить комментарий