• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Украинадагы элчи: 36 кыргызстандык автобус менен Венгрияга баратат

Коом 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов 36 кыргызстандык автобус менен Венгрияга бараткандыгын өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды.

"2-март Киев убактысы менен саат 1300дө 25ге жакын жарандарды коштоп, бүгүн Львов шаарына жетип, бул жактан дагы жарандарыбызды алып Венгрия өлкөсүнө баратабыз. Бул жолу дагы коштоого полиция берилген жок. Ошол себептен коштоо тоборкечилигин өзүбүзгө алууга туура келди. Алгач ушул маршрут менен Киевден 43, Львов шаарынан 25 адам өлкөдөн чыгууга каалосун билдиришкен. Бирок, арасындагылардын кээ бири башка Европа өлкөсүнө кетерин айтышты. Азыркы учурда автобуста 36 жаран баратышат.

Баалуу делген документ жана башка тиешелүү техниканы жеткирип, элдерди коопсуз өлкөгө чыгарып, кайрадан Украина өлкөсүнө кайтам. Абал курч. Мүмкүнчүлүк болоору менен маалымат берип турабыз", - деп жазган элчи.

Пикир

Оставить комментарий