• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Украинадан Кыргызстанга сорго дан өсүмдүктөрүнүн гибрид үрөндөрү жөнөтүлдү - Кадыркулов

Коом 0

Бишкек, 17.05.22. /Каьар/. Украинадан Кыргызстанга соргонун гибрид үрөнүнүн бир нече түрү жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, элчилик өзүнүн жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында КР Айыл чарба министрлигинин изилдөө жүргүзүү талаасына себүү үчүн Украинанын атактуу окумуштуусу, агроном Я.Бардинден соргонун гибрид үрөндөрүнүн бир нече түрүн алды.

"Азыркы учурда аба каттамы жабык болгондугуна байланыштуу бул үрөндөр Венгрия аркылуу КР Айыл чарба министрлигине жөнөтүлдү. ​“УКРСОРГО” ишканасынын жетекчиси өзүнүн патенттелген технологиясынын негизинде 2018-жылы кайрак жерден соргонун түшүмүн 1 гектардан 144,5 центнер түшүм алып дүйнөлүк рекорд койгон. Ушул жылдын башында Я.Бардин менен болгон жолугушууда сорго үрөндөрүн өздөштүрүү борборун жана аны Кыргызстанга жайылтуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жетишилген. Бул дан өсүмдүгү Кыргызстанда оң жыйынтыгын көрсөтүп, айыл-чарба тармагынын өнүгүүсүнө чоң салымын кошот деген ишеничтебиз", - деп жазган элчи.

​Маалымат үчүн: Сорго дан өсүмдүктөрүнүн ичинен кургакчылыкка жана туздуу жерге чыдамдуу өсүмдүктөрдүн бири болуп эсептелет, ал 45-50°С температурада дагы өсө берет. Аталган өсүмдүк жердин шартына карабайт, жүгөрүгө караганда 3-4% көбүрөөк белокту камтыйт жана сууну эки эсе аз талап кылат, себүү үчүн үрөндү төрт эсе аз, жүгөрүгө салыштырмалуу жер семирткичти 20-30% аз сарптаса болот жана курамында глютен болбойт.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө өзгөчө АКШ, Кытай жана Европа өлкөлөрүндө сорго азыктары кеңири колдонулуп (ун, крахмал, дан (крупа), кант, глюкоза жана башка) өзүнүн пайдалуулугу менен чоң суроо-талапка ээ жана ошого жараша буудай жана жүгөрү азыктарына караганда үч эсе кымбат сатылууда.

Пикир

Оставить комментарий