• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Украинадагы элчи кыргызстандыктарга Польшадан КРга акыркы бекер учак тууралуу эскертти

Коом 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Украинадагы элчиси кыргызстандыктарга Польшадан акыркы жолу бекер учуу тууралуу эскертти. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Элчи белгилегендей, акыркы бекер учат 16-мартта уюштурулат.

"16- март, шаршемби күнү Польшадан Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги уюштурган акыркы бекер учак учурулат, ошондуктан бардыгыңыздарды Львов шаары аркылуу Польшага өтүп кетүүнү сунуштоо менен бирге, Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү керек экендигин баса белгилейбиз.

Львов шаарына бекер эвакуациялык поезд, же болбосо, такси жана автобустар менен келсеңиздер болот.

Социалдык тармактарда бул маалымат менен бөлүшүп коюуңуздарды өтүнөм", - деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий