• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Украинадагы кыргызстандыктар элчилик менен байланыша албай жатат — ЖК депутаты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Бизге эчилик менен байланыша албай жаткан Украинадагы кыргызстандыктар кайрылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Маткеримов билдирди.

“Мен министрлер кабинетинен биздин жарандардын бул көйгөйүнө көңүл бурушун суранам, жардам сурап кайрылган кыргызстандыктар элчилик менен байланыша албай да жатат”, - деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Россиянын президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция жүргүзүлөрү тууралуу билдирген. Украинада аскердик абал режими киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий