• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Украинадагы кыргызстандыктар мекенине медициналык каражаттарды жана акчалай жардам жөнөттү

Коом 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Украинадагы кыргызстандыктар мекенине жеке коргонуучу каражаттар, респиратор, жасалма дем алдыруучу аппарат жана акчалай жардам жөнөттү. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти.

Украинадагы кыргыз диаспорасы жана диаспоранын ардактуу төрагасынын атынан Кыргызстанга 1 миң 500 доллар өлчөмүндө жардам жиберилген. Мекендештердин айтымында, аталган сумма “Элим барсыңбы” кайрымдуулук фондунун эсебине которулган. Которулган акча каражаты пандемияга каршы күрөшүүдө аймактарга жумшалат деп күтүлүүдө.

“Меккендештер тарабынан Бишкек шаарындагы №6 үй-бүлөлүк медицина борборуна 80 миң сомго 120 коргоочу кийим жана 115 респиратор жөнөтүлгөн. Аны менен бирге Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы үй-бүлөлүк медицина борборуна жасалма дем алдыруучу бир аппараты жиберилген”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий