• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Украинадагы президенттик шайлоого 44 талапкер катышат

Дүйнө 0

Бишкек, 12.02.19 /Кабар/. Украин бийлигинин маалыматы боюнча мартта өтө турган президенттик шайлоого рекорддук сандагы 44 талапкер катышат.

Талапкерлигин экинчи ирет коюп жаткан өлкөнүн учурдагы президенти Петр Порошенко Украинанын Европа Биримдиги менен НАТОго мүчө болушу үчүн жасалып жаткан иштерди уланта турганын убада кылууда.

Жакында эле жүргүзүлгөн сурамжылоолорго ылайык, 31-мартка белгиленген шайлоодо анын эң күчтүү атаандаштары Юлия Тимошенко менен куудул Владимир Зеленский болот.

Өлкөдөгү эң бай делген саясатчы, 53 жаштагы Петро Порошенко бийликке мурдагы президент Виктор Януковичти тактан кулаткан 2014-жылкы Майдан окуясынан кийин келген.

Ал Батыш менен интеграцияны колдоп, Крымды тартып алгандыгы жана Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоп жатканы үчүн Орусияны сындап келет.

Украинадагы 2004-жылкы революциянын лидерлеринин бири болгон 58 жаштагы Тимошенко 2014-жылы өткөн президенттик шайлоодо Порошенкого утулуп калган.

Пикир

Оставить комментарий