• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Украинадан эвакуацияланган мекендештерди кайтарууну уюштуруу үчүн дипломаттар Польшага жөнөп кетти

Коом 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Украинанын аймагынан чыгып, үчүнчү мамлекеттердин аймагында жайгашып турган Кыргызстандын жарандарын мекенине алып келүү максатында Бишкектен КР ТИМнин Консулдук кызмат департаментинин эки кызматкеринен турган ыкчам топ Польшага жөнөп кетти.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, азыркы кезде аталган топ Варшавада иш алып барууда.

Дипломаттар Польшанын шаарларында кыргызстандык жарандар жайгашкан бардык пункттарды кыдырып чыгышты. Мекендештерге тамак-аш уюштурулуп, жергиликтүү бийлик органдары менен кыргызстандыктардын мыйзамдуу туруусу жана андан ары Кыргызстанга алып кетүү маселелерин талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Ошондой эле дипломаттар ошол тийиштүү документациялоого муктаж болгон жарандарга мекенине кайтуу үчүн керектүү болгон документ тариздөө боюнча консулдук кызматтарды көрсөтүүдө.

2022-жылдын 8-мартына карата статиситикалык маалымат:

Кыргызстанга келген жарандар – Венгриядан - 91 жаран.

Коопсуз өлкөлөргө чыгарылгандар:

Польша - 201 (польша тарабынын миграциялык кызматынын маалыматына ылайык,эчиликтин көмөгү менен 150 КР жараны киргизилген);

Словакия -20;

Румыния- 19;

Түркия – 66

Молдова – 21

Чехия - 85

Башка өлкөлөр (Литва, Германия) - 13

Коопсуз жерлерге (үчүнчү өлкөлөргө) жалпысынан 412 Кыргызстандын жараны чыгарылды.

КР ТИМи жана Кыргызстандын Украина, Венгрия, Германия, Түркия, Беларустагы элчиликтери, Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу жана Польша, Румыния жана Венгриядагы Кыргызстандын Ардактуу консулдугу тарабынан Украинадан мекендештерди үчүнчү мамлекеттердин аймагы аркылуу мекенине кайтып келүүсүнүн коопсуздугун камсыздоо, убактылуу турак жай жана тамак-аш менен камсыз кылуу, ошондой эле муктаж болгон жарандарды тийиштүү документтер менен камсыздоо иштери улантылууда.

Бүгүнкү күнү алдын ала маалымат боюнча, Украинанын шаарларында 100дөн ашуун мекендешибиз калууда жана алардын дээрлик ар бири менен элчилик жана КР ТИМнин Консулдук кызмат департаменти туруктуу байланышта.

Министрлик элчилик менен биргеликте аларды коопсуз жактарга алып чыгуу боюнча мүмкүн болгон аракеттерди көрүүдө.

Ошону менен бирге активдүү согуштук аракеттер жүрүп жаткан шаарларда жүргөн Кыргызстандын жарандарына атайын коргонуучу жайларда болу сунушуталууда.

КР Тышкы иштер министрлиги министрликтин Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жаткандыгын эскертет.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348, ошондой эле элчиликтин «WhatsApp» тобу;

КР ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери;

+996 703 428 865, +996 709 983 465, +996 554 065 215.

Пикир

Оставить комментарий