• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Украинадан эвакуацияланган өзбекстандыктардын саны 5 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. 28-февралдан 9-мартка чейин Украинадан Польша аркылуу эвакуацияланган өзбек жарандарынын саны 5037ге жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштен министрлигинин (ТИМ) атайын өкүлү Юсуф Кабулжанов билдирди.

Анын айтымында, 8-9-март күндөрү Польшанын Катовице аэропорту аркылуу дагы 250 өзбекстандык Ташкентке жеткирилди. Мындан тышкары, Өзбекстандын Украинадагы элчилиги жана эл аралык гуманитардык уюмдардын аракети менен Сумы шаарынан 23 өзбек студенти эвакуацияланды.

Өзбекстан ТИМинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өзбек дипломаттары Украинадан качып чыккан өзбекстандыктарды мекенине жеткирүү үчүн Молдовада да иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий