• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Украиналык адистер бал аарычылык боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү

Коом 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Кыргызстандын балчыларынын дараметин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилиги КРнын Балчылар ассоциациясы менен биргеликте ушул жылдын 1-2-мартында Бишкек шаарында жана 3-4-мартында Ош шаарында Украинанын Агрардык илимдер академиясынын “П.И. Прокопович атындагы Аарычылык институтунун” илимий изилдөө борборунун жетектөөчү адистеринин катышуусунда “Табигый бал, баалуулуктар тизмегиндеги негизги оюнчулардын кызматташтыгынын абалы жана келечеги” деген темада тегерек стол өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө украиналык адистер бал аарыларынын генетикасы, асыл тукумдары, балдын сапатына терс таасирин тийгизбестен зыянкечтерге жана аарылардын илдеттерине каршы күрөшүүнүн биологиялык ыкмалары, бал өндүрүү технологиялары жана аларды багуунун инновациялык ыкмалары, ошондой эле, аары чарбасынын башка тармактары боюнча окууларды өткөрүүдө.

Мындан тышкары, 5-8-март күндөрү Ош шаарында аары пакетин өндүрүүчүлөр үчүн атайын аары чарбасында асыл тукумдуулук боюнча 4 күндүк окуу курсу уюштурулат. Курстун катышуучулары украин адистеринен тренингдин жыйынтыгы боюнча күбөлүк алышат.

Эскерте кетсек, тегерек столдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Балчылар ассоциациясы менен Украинанын Агрардык илимдер академиясынын “П.И. Прокопович атындагы Аарычылык институту” Илимий изилдөө борборунун ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлат.

Пикир

Оставить комментарий