• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Украинанын Харьков шаарында КРнын Ардактуу консулдугун ачуу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Кечээ, 11-мартта КРнын Украинадагы элчиси Жусупбек Шарипов Харьков областына жумушчу сапарынын менен барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында элчи Харьков областынын мамлекеттик администрациясынын төрагасы Алексей Кучер менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстан менен Украинанын Харьков областынын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгынын перспективдүү жактары тууралуу сүйлөшүштү.

Тараптар, ошондой эле, айыл чарба, жеңил өнөр жай, IT-тармагында кызматташууга кызыкдар болгон бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрүнүн активдүү кызматташуусу, гидроэнергетика тармагында иштешүү, багыттар боюнча форумдарды өткөрүү, Жалал-Абад жана Харьков областтарын боордош кылуу, Харьков шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугун ачуу жөнүндө сүйлөшүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара макулдугун жана кызыкдар экендигин билдирип, кийинки кадамдарды белгилешти.

Жолугушуунун аягында элчи Ж.Шарипов Харьков областынын сыйлуу конокторунун каалоо-тилектеринин китебине өз каалоосун жазып кетти.

Пикир

Оставить комментарий