• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Украинанын Кыргызстандагы элчилиги ишин улантууда — ТИМ

Саясат 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Украинанын Кыргызстандагы элчилиги ишин улантып, кадимки тартипте иштөөдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин директору Нурлан Суеркулов билдирди.

Анын айтымында, 3-мартта тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Украинанын элчиси Валерий Жовтенко менен жолугуп, анын жүрүшүндө бир катар маселелер, анын ичинде Украинадагы азыркы кырдаал талкууланды.

“Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстан эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана нормаларынын алкагында мындан аркы курмандыктарга жана кыйроолорго жол бербөө үчүн аскердик жаңжалды токтотууну жана аны саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана тынчтык жолу менен чечүүнү жактап келген жана жактап келет. Ошондой эле жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышын кубаттайт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий