• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Украинанын Жогорку Радасына беш партия өттү

Дүйнө 0

Бишкек, 26.07.19. /Кабар/. Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын жарыялады.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Жогорку Радага беш партия өттү:

"Эл кызматчысы" – 43,16%;

" Оппозициялык платформа – жашоо үчүн" – 13,05%;

"Батькивщина" – 8,18%;

"Европалык тилектештик" – 8,10%;

"Добуш" – 5,82%.

Украинада шайлоо аралаш система менен өттү. Партиялык тизме менен шайлангандарга Жогорку Рададагы 450 мандаттын жарымы гана тиет. Жарымы бир мандаттуу округдарга бөлүштүрүлгөн. 22 саясий партиядан эки жарым миңден ашуун киши катышты. Бир мандаттуу округдардан үч миңден көп талапкер ат салышты.

Пикир

Оставить комментарий