• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Уксус терчилдикте пайдалуу

Дүр дүйнө 0

Уйкусуздук оорусуна чалдыккандар уктоодон мурун бир стакан кайнаган сууга бир чоң кашык уксус аралаштырып ичсе, бир аз убакыт өткөндөн кийин уктап калат.

Бел, бут, кол чыгып же кайрылып ооруганда, тууралган камырга, бир аз өлчөмдө уксус аралаштырып, ооруган жерге бир нече күн жабыштырып жүрсө ооруган жер басылат.

Машинага же кемеге олтургандан кийин уксус кошулган бир стакан сууну ичип алса жүрөк айланбайт да, адам куспайт.

Тил шишип ооруганда казандын көөсүнө уксус аралаштырып тилге бир нече жолу жабыштырса шишик кайтат.

Тердеген учурда, өзгөчө терден адамдын колтугу жыттанса акиташты уксуска аралаштырып тердеген жерге бир нече жолу сүртүп койсо жыт жоголот.

Эсинен танган адамдарга пахта, марли, таза чүпүрөк же бет аарчыны уксуска малып алып жыттатса ал адам тез эле өзүнө келет.

Набатты же жаңгактын данегин уксуска эритип тамактан кийин бир чай кашык эртең менен эрте 10 даанадан ичип жүрсө жүрөккө жана кан тамырга пайда болгон оорулардын айыгышына өбөлгө түзөт.

Балыктын терисин тазалаар алдында бир литр сууга эки чай кашык уксус кошуп бир аз убакытка чылап койсо балыктын кабыгын аарчууга оңой болот.

Суу кайнатып жүргөн идиштердин ичинде катып калган шорду кетирүү үчүн бир аз уксус кошулган суу менен кайнатса, ал ажырап өзү түшүп калат.

Жаңы союлган этти сактоо үчүн уксуска чыланган суулуу чүпүрөктү этке ороп койсо, эт өз сапатын жоготпойт.

Пикир

Оставить комментарий