• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКТ лидерлеринин жашоосунда эмне болуп жатат? ИИМдин жообу

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. Ички иштер министрлигинен уюшкан кылмыштуу топтордун (УКТ) лидерлери Көлбаев, Батукаев жана Бокушевдердин жашоосунда эмне болуп жаткандыгы тууралуу айтып беришти. Бул тууралуу ведомствонун башчысы Кашкар Жунушалиев Бишкекте өтүп жаткан брифингде маалымат берди.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, ушул жылдын тогуз айында УКТнын 181 мүчөсү кармалган. Кыргызстанда үч негизги кылмыштуу топ бар. Алардын лидерлери Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмаз Бокушевтер.

“Көлбаев учурда биздин көзөмөлдө. Биз кылдаттык менен анын кыймыл аракетин көзөмөлдөп жүрөбүз. Батукаев Россия Федерациясынын аймагында болсо, Бокушев иштен четтеп, жөнөкөй жашоо сүрүүдө”, - деп билдиришти ИИМден.

Пикир

Оставить комментарий