• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКТ мүчөсү Кадамжайдын тургунунан 600 миң сом уурдады деп шектелүүдө

Коом 0

Ош, 21.05.18. /Кабар/. Уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) активдүү мүчөсү Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылынын жашоочусунун 600 миң сом акча каражатын уурдады деп шектелүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милицияга 27 жаштагы Кызыл-Булак айылынын жашоочусу кайрылып, 2018-жылдын февраль айында “Хонда Аккорд” автоунаасынын багажынан белгисиз адамдар 600 миң сом уурдап кеткенин билдирген. Автоунаа Жийделик айылынын аймагында унаа тетиктерин сатуучу дүкөндүн алдында токтоп турган.

Бул факт боюнча кылмыш жаза кодексинин 164-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү такталып, издөө жарыяланган.

Талас шаарында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө Бөкөнбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашынып жүргөн жеринен 35 жаштагы К.Н. аттуу жаран кармалган. Ал буга чейин 9 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, адам өлтүрүү жана каракчылык менен соттолгон.

Ал кылмыш кылаардын алдында 10 күн мурун абактан чыккан. Кармалган учурда жанынан бир даана Макаров үлгүсүндөгү тапанча 8 даана огу менен чыккан.

Бул факты боюнча кармалган жаран кылмышты жасагандыгын толугу менен мойнуна алып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий