• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКТ мүчөсү “Женго” сабалды. Аскер прокуртурасы териштирүүнү баштады

Коом 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Бишкек шаардык Аскер прокуратурасы “Женго” каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досоновту сабоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, денесине залал келтирүү фактысы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Эскерте кетсек, республиканын түштүк аймагын караган К.Досонов 2021-жылы 11-февралда КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө каршы аракет кылуунун алкагында кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө абак жайына киргизилген.

Мындан мурда Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбор УКМКнын тергөө абак жайында отурган Досонов жана башкаларга келишкен. Ал жерде К.Досонов укук коргоочуларга УКМКнын атайын даярдыктагы кызматкерлери тарабынан сабалгандыгы тууралуу айтып берген.

Пикир

Оставить комментарий