• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКТнын мүчөлөрү опузалоого шектелип кармалды – ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.01.18. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигине К.Д., аттуу жаран белгисиз адамдар 70 миң сом тоноп кеткендиктерин айтып, арыз менен кайрылган,-деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

КР ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө ишинин жүрүшүндө кылмышка шектүү делгендер кармалган. Алар 1984-жылы туулган Т.М., 1984-жылкы А.Ж., жана 1982-жылы туулган С.Ш., аттуу жарандар болуп чыккан. Иликтөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, кармалгандар УКТнын мүчөлөрү катары КР ИИМнин ыкчам каттоосунда турган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Кармалгандарын дагы башка иштерге тиешеси бардыгы текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий