• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКТнын мүчөсү Бишкек-Ош жолунда белгисиз адамды сабоого шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгы ээнбаштыкка шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Т.Ж. аттуу жаран ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, анда ээнбаштык фактысы боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

2021-жылдын 13-июлунда болжол менен саат 14:00дө Ош-Бишкек жолундагы кафелердин биринде арыздануучуну чала тааныш адам себепсиз сабап, денесине жаракаттарды келтирген.

Жогорудагы факты боюнча топтолгон материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

"Бул укукка каршы аракеттерге криминалдык чөйрөнүн адамдарынын тиешеси бар болгондуктан, шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш-чарага ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тартылган", - деп айтылат маалыматта.

ИИМден кошумчалашкандай, 28-июлда ээнбаштыкка шектүү делип Жалал-Абад шаарынан Жалал-Абад облусунун 1984-жылы туулган Д.А. аттуу жашоочусу кармалды.

Шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Пикир

Оставить комментарий