• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Укук бузуулардын Бирдиктүү реестри июндун башында даяр болот – Шаршембиев

Коом 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин түзүү боюнча электрондук китеп тутум долбоорунун техникалык бөлүгү аяктоо алдында турат жана 10 күндүн ичинде укук коргоо органдарына иштөө үчүн сунушталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди.

Комитеттин башчысы билдиргендей, 2019-жылдын 1-январынан тарта жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодекси күчүнө кирет.

“Бузуулардын электрондук китеп долбоору боюнча техникалык тапшырма аткарылган, учурда система иштелип чыкты. 10 күндөн кийин биз жаңы системаны беришибиз керек болот”,-деп билдирди Шаршембиев.

Эске сала кетсек, 17-майда өткөн Сот реформасы боюнча кеңештин биринчи жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 1-январына чейин укук бузуулардын бирдиктүү реестрин түзүүнү тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий