• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Укук кербени” Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорун кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. КР Акыйкатчысынын борбордук аппаратынын кызматкерлери жана Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери КР Акыйкатчысынын орун басары Гүлнара Жамгырчиеванын жетекчилигинде “Укук кербени” долбоорунун алкагында Чүй облусун кыдырууда. Бул тууралуу Акыйктчынын катчылыгынан кабарлашты.

Малыматка ылайык, 20-октябрда алар аталган облустун Аламүдүн жана Ысык-Ата облустарын кыдырышты. Жолугушууга келген тургундардын жана мамлекеттик орган жетекчилеринин алдында Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева чыгып сүйлөдү. Ал өз сөзүндө адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо багытында Акыйкатчы институту тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду, түнү-күнү бою 115 ыкчам байланышына республиканын бардык операторлорунан жана стационардык телефондордон акысыз чалууга болоорун айтып берди.

Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо Акыйкатчынын милдеттеринин бири болуп, калктын укуктук маалымдуулугун арттыруу, элдин өз укуктары жана эркиндиктери тууралуу билимин тереңдетүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат. Ушуга байланыштуу атайын презентация көрсөтүлүп, жарандардын экономикалык укуктары, калктын аяр катмарына социалдык жардам көрсөтүүнүн механизмдери тууралуу баяндалды.

Аталган райондордун тургундары айыл жергесинде медициналык тез жардам пункту жок болгондуктан айрым бейтаптарды эксрендүү түрдө госпитализациялоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, жөлөкпул алуу үчүн жакыр үй-бүлө статусун алуунун кыйынчылыгы, мектептердеги ата-энелердин мүчөлүк акылары тууралуу талкуу болду. Ошондой эле Ысык-Ата-районунда калкты тейлөө борборунун жоктугу да ортого салынды.

Жолугушуудан кийин жарандарды жеке кабыл алуу жүргүзүлдү, жарандарга юридикалык консультациялар берилип, алардан КР Акыйкатчы институтунунун дарегине жазылган арыздар кабыл алынды. Мындан тышкары, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун жетекчилери айрым маселелер боюнча жарандарды алар тарабынан коюлган маселелер боюнча кабыл алууга даяр экенин билдиришти.

Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү эл Акыйкатчы аппаратына алардын маселелерин чечүү үчүн аянтчаларды түзүп бергени үчүн, ошондой эле берилген маалымат үчүн жана жекече консультациялары үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

Жолугушуу учурунда келип түшкөн ар бир жазуу жүзүндөгү кайрылуу КР Акыйкатчы аппараты тарабынан дыкаттык менен каралып, алар боюнча тиешелүү жумуштар жүргүзүлөт жана жыйынтыгы тууралуу арыз ээлерине билдирилет.

Эске салсак, «Укук кербени» долбоорун ишке ашыруу Европа биримдиги жана Германия экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) кошо каржылануучу “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү, 2 фаза” программасы тарабынан колдоого алынган.

Кечээ, 21-октябрда “Укук кербени” долбоору өз сапарын Чүй облусунун Токмок шаарында жана Кемин районунда улантты.

Пикир

Оставить комментарий