• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Укук кербени” Чүй облусунун Москва жана Сокулук райондорунда болду

Аймак 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. КР Акыйкатчысынын борбордук аппаратынын жана Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери “Укук кербени” долбоорунун алкагында Чүй облусунун Москва жана Сокулук райондорунда болду. Бул тууралуу Акыйкатчынын катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-октябрда Москва жана Сокулук райондорунун жетекчилиги, райондук башкармалыктардын жетекчилери жана жергиликтүү калк менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чаранын катышуучуларына “Укук кербени” долбоорунун максаты жана милдеттери түшүндүрүлдү. Ошондой эле, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча Акыйкатчы Институтунун ишмердиги тууралуу айтып беришти.

Чогулгандардын алдында Социалдык фонддун башкармалыгынын, КР Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин райондук башкармалыгынын башчылары чыгып сүйлөшүп, жарандардын пенсия жана жөлөкпул алуу үчүн кайрылуунун тартиби тууралуу айтып беришти.

Бул иш-чараларда райондук деңгээлдеги жетекчилердин, Москва районунун жана Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчылары-акимдердин, прокуратура, РИИБ жана билим берүү башкармалыктарынын жетекчилеринин катышуусу жана жарандардын суроолоруна жеринде жооп берүүгө шарт түздү. Бир катар маселелер боюнча Акыйкатчынын Чүй облусу боюнча өкүлчүлүгү жарандарга жекече консультацияларды беришти, жарандардын жазуу түрүндөгү арыздарын алышты.

Иш-чаранын катышуучуларына КР Акыйкатчысынын маалыматтары камтылган брошюралар таркатылды.

Ошондой эле, көрсөтүлгөн долбоордун алкагында Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү Беловодскидеги балдар үйүнө барышты. Балдар үйүндөгүлөрдүн тиричилик шарттары, менен таанышты. Балдар үйүнүн жетекчилиги жана педагогдор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Укук коргоочулардын пикири боюнча, бул мекеменин администрациясы гигиена жана имараттын ички тазалык маселелерине өзгөчө көңүл бурушат. Ошондой эле тамак-аш азыктарынын сапатына өзгөчө көңүл бурушат. Балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын кийимдери таза жана тыкан.

КР Акыйкатчы институту жарандарга жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын эсине салат: калктын укуктук маалымдуулугун арттырмайынча жана колдонуудагы мыйзамдар тууралуу маалыматты аларга жеткирмейинче, өлкөнү саясий, экономикалык жана социалдык өнүгүүсү мүмкүн эмес.

“Укук кербени” долбоорун ишке ашыруу Европа биримдиги жана Германия экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) кошо каржылануучу “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү, 2 фаза” программасы тарабынан колдоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий