• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

“Укук кербени” долбоору укук коргоочулук ишин Кочкор районунда жүргүздү

Аймак 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. “Укук кербени” долбоору боюнча Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Нарын облусунун Кочкор районуна барышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Райондук администрациясынын имаратында мамлекеттик кызматкерлер жарандар менен жолугушту. Жарандар пенсия, жөлөкпул боюнча көйгөйлөрдү көтөрүштү. Жер маселеси абдан курч маселе экендиги белгиленди.

“Жергиликтүү тургундар мамлекеттик каттоо жана айыл өкмөтү жарандарга жерди туура эмес бергендиктен, ушундай эки жаат болуп бөлүнүп, соттошуп жатышканын билдиришти. Алар Акыйкатчы өкүлдөрүнө кайрылышып, Кочкор районунун Мамлекеттик каттоо кызматын, Архитектура кызматын жана айыл өкмөтүн текшерүү үчүн тийиштүү жерге билдирип коюуну өтүнүштү”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кочкордо көрүстөнгө берилген жер толуп, башка жактан жер бөлүп берилбей жатканына арызданышты. Акимдин орун басары, жаңы мыйзам актылары боюнча акимдин ыйгарым укуктары кеңейтилгенин айтып, бул маселе сөзсүз чечилерине убада берди.

Жыйындын соңунда аппараттын кызматкерлери жарандардын жеке маселелери боюнча консультацияларды беришти.

Эске салсак, “Укук кербени” долбоорун ишке ашыруу Европа биримдиги жана Германия экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) кошо каржылануучу “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү, 2 фаза” программасы тарабынан колдоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий