• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Укук кербени": Кыргызстандын аймактарында көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталган

Коом 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. КРнын Акыйкатчы аппараты “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Укук кербени” долбоорунун жыйынтыгын чыгарды.

КР Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков “Укук кербени” долбоорунун алкагында борбордук аппараттын жана аймактардагы өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери өлкөнүн 7 облусунун райондорун, шаарларын жана айылдарын кыдырганын белгиледи.

“Ошентип, аталган долбоордун жүрүшүндө КР министрлер кабинетинин тез арада реакция кылуусун жана ага ылайык, кыска мөөнөттө аткарылышын талап кылган системалуу мыйзам бузуулар аныкталган”, - деди ал.

Муну менен катар Азарбеков төмөнкү мыйзам бузууларды атады:

- жөлөк пулду дайындоо жана анын механизми. Эгер киреше бир адамге миң сомдон ашса, жөлөк пул дайындалбайт;

- жөлөк пул жашаган жериндеги каттоо боюнча берилет, бирок ижарада жашагандар ала алышпайт, ошондуктан үйү жоктор жөлөк пул ала алышпайт;

- жерди трасформациялоо жана инвентаризациялоо. Бардык облустардын жашоочулары турак жай куруу үчун жерди трансформациялоону суранышууда;

- мектеп-интернаттарындагы тамак-аш. Бир балага күнүнө 60 сомдон бөлүнөт, бул учурдагы продукциянын кымбатчылыгы учурунда өтө аз;

- медициналык мекемелерде ар бир бейтаптан 50 сомдон 200 сомго чейин белгисиз “фондго” каражат чогултулат (мындай тенденция көбүнчө Жалал-Абад облусунда байкалат);

- бейтапты дары каражаттары менен бекер камсыздоого мамлекеттик кепилдик программасын жүзөгө ашыруу. Чындыгында акысыз бериле турган бир катар дары-дармектер бейтаптарга сатылат;

- 18 жашка толгондо майып балдарды баккан адамдарга төлөмдөрдү токтотуу;

- майыптыгы бар балдар үчүн шарттын жоктугу (мисалы Чоң-Алай району);

- ар түрдүү социалдык долбоор тарабынан ачылган кризистик борборлордун иштебей калышы (Нарын облусу);

- бийик тоолуу аймактарда иштеген аскер кызматчыларына, эгерде алар башка аймакка (Нарын облусуна) көчүп кетсе, пенсияга кошумча төлөмдөрдү жана жөлөк пулдарды токтотуу;

- Ысык-Көл районунун Темир айылынын 200 дөн ашык тургуну жоюлган ленин атындагы совхоздун 600 миң сом карызынан улам пенсиясын ала алышпай келишет;

- Кара-Суу районунда жолдун боюнчада жайгашкан эки айыл: Сүтүү-Булак “бийик тоолуу” аймакка кирет, экинчиси Алгабас айылы “бийик тоолуу” аймакка кирбейт;

- Баткен облусунун “Головной” чек ара тозотунун аскер кызматкерлери үчүн социалдык жактан жакшы шарттарды түзүү;

- 2002-жылы Ноокат районунда медициналык мекемеден СПИД жугузгандарга жөлөк пул төлөп берүү;

- бир катар түзөтүү мекемелеринде камалгандарды кармоодо 3,26 кв метр сакталбайт;

Бир катар түзөтүү мекемелеринин жана айрым дарылоо мекемелериндеги дарыканаларда мөөнөтү өтуп кеткен дарылар сатылат;

- Кара-Көл шаарынын аймактык шаардык ооруканасынын терапия бөлүмү жараксыз абалда, дарыгерлердин жана бейтаптарды кабыл алуу бөлүмдөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү зарыл;

- бир катар аймактардын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жер тилкелерин “тааныштык боюнча” гана жана материалдык жактан камсыз болгон адамдарга беришет, ошол эле учурда карапайым жарандар жер тилкесин ала албай келишет;

-Кара-Көл шаардык медициналык кызматкерлери алардын айлык акысын көтөрүүнү убада кылышкан, бирок кийин алар мурдагы алгандан дагы аз айлык алып калышканына арызданышты;

- Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айлынын жашоочулары Ош облусунан Бишкекке чейин жөө келишкен. Бул демарш жергиликтүү бийлик тарабынан мажбурланып, алардын үйлөрүн бузуу чечиминен улам чыккан;

- Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун жашоочулары алтын казуучу ишканалардагы эмгек шарттарына, айрым аймактарда иш графиги суткасына 18-19 саатка жетип, эмгек өргүүсү эсепке алынбай, эмгек акы төлөнбөй жатканына нааразычылыктарын айтышты;

- Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы В.И.Ленин атындагы мектеп-интернаттын ашканасында гигиеналык каражаттар жетишсиз; тамак-аш үчүн текчелер жок; тамак даярдоо үчүн кесүүчү стол жок;

Кир жуучу жайда окуучулардын кийимдерин жуу үчун кир машинанын жок, жашы жете элек балдар өздөрүнүн кийимдерин колго жуушат, өз кезегинде корпустарда суу жабдыктары жана канализация жок;

-Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы мектеп-интернаттын кошумча корпусундагы спорт зал авариялык абалда, балдардын өмүрү коркунучта;

- Ноокен райондук түзөтүү мекемесиндеги дарыканада мөөнөтү өтүп кеткен медициналык дары-дармектер болгон, ал эми бир катар шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген учурда медициналык кароодон өткөн эмес;

- Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар айылындагы ооруканаларында бейтаптардын укуктары бузулган, анда гигиеналык тазалык сакталган эмес. Кургак учук бөлүмү имараты начар абалда, жуунучу жана ажатканасында эч кандай санитардык нормалар сакталган эмес;

- Шекафтар айылындагы облустар аралык кургак учукка каршы ооруканада бир копуста бир гана жуунучу бөлмө иштейт, ал дагы ысык суусу жок;

- КР Саламаттык сактоо министрлиги Сузак районунда оорукананын бар экенин унутуп калгандай, оорукана санитардык нормаларга жана калктын ден соолугунун коопсуздук камсыздоо маселелерине жооп бербейт,;

- 400дөн ашык үй ээлери Жалал-Абад шаарынын четиндеги курорттук аймакта көп жылдардан бери жашаган жери боюнча каттоодо турбаган жарандар жашай турганын билдиришкен, анын кесепетинен жергилиутүүлөр шайлоого катыша алышпай, медициналык жана башка мамлекеттик кызматтарды ала алышпай келет;

- Чоң-Алай районунда майыптыгы бар 200дөн ашык бала билим алууга шарты жок, анткени анда тиешелүү интернат жок;

- Чоң-Алай райондук милициясынынын тузөтүү имаратында жуунуучу бөлмө жана ажатканасы, камераларда кармалгандар үчүн керебеттер жок, жыйынтыгында алар бетон полдого жатууга туура келет. Аптекадагы дарылардын мөөнөтү өткөн, райондук прокуратура тарабынан көзөмөл жүргүзүлбөйт;

- Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун жашоочулары айылдарда медициналык тез жардам пунтунун жоктугунан шашылыш оорулууларды жаткыра алышпайт;

- Кара-Кулжа районунун жашоочулары “Билайн” компаниясы адамдарды алдып жатканын айтышкан, кандайдыр бюир кызматтарга кошулуу үчун билдирүүлөрдү жөнөтүп , 3-4 күн акысыз дегени менен ошол күндөн баштап 200-300 сомго чейин алып жатканын айтып арызданышкан;

- Кочкор районунда тургундар мүрзөтолуп калганын, жаңы жер берилбей жатканын айтышкан;

- Ноокат районунун Күңгөй-Коджок, Чеч-Дөбө жана Жар-Коргон айылдарында жашаган тургундар “Кызыл китептер” өз убагында берилбей жатканын айтышты;

- этникалык кыргыздардын мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө, туруктуу жашоого каттоодо жана паспорт алууда көйгөйлөрү;

- жарандардан 10 пайыздык жеңилдетилген насыя берүү процесси сыр сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий