• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

"Укук кербени" Жумгал районун кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 24.10.21. /Кабар/. КР Акыйкатчысынын “Укук кербени” долбоорунун катышуучулары Жумгал районунун бир катар мекемелеринде мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу Акыйкатчынын катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алгач алар "Нур-Булак" үй-бүлөлүк типтеги үйүнө барышты. Ал жакта учурда 17 бала тарбияланууда. Анын ичинен 7 тоголок жетим, 10 баланын ата-энеси убактылуу ата-энелик укуктан чектелген балдар. Каржылоо Билим берүү министрлиги жана айыл өкмөтү тарабынан чечилген. Балдарга бардык шарттар түзүлгөн.

Андан соң Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына мониторинг жүргүзүлдү. Учурда УКЖда кармалган киши жок. Тазалык жагынан оңдоо боюнча сунуштар берилди. Имараттын өзү убактылуу кармоочу жайга ылайыкташкан эмес, себеби бул мурда клубдун имараты болгон.

Кийинки мониторинг райондук төрөт үйүндө жүргүзүлдү. Төрөт бөлүмүнүн имараты “Кызыл зонага” берилгендиктен, төрөт үйүнө ылайыкташпаган башка кабатка көчүрүлгөн. Палаталар тар болгондуктан, жаңы төрөлгөн ымыркайларга өзүнчө люлька коюп берилген эмес. Жылуулук жок. Төрөгөн аялдарга эки палата гана каралган. Райондун акиминин орун басарынын айтуусунда, район боюнча жалпы 15тей дарыгер жетишпейт. Себеби, алыскы районго, аз маянага жаш адистер барып иштегиси келбейт.

Райондун тургундарынын эң негизги нааразычылыгы - Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун бүтпөй жатышы. 4 жылдан бери жерлер казылып, чаң басып жатат. Ал жолдун чаңын, ыңгайсыздыгын мониторингге барган топ өздөрү да көрдү. Жолдон көмүр ташыган машиналар тынымсыз өтүп, жолго жакын үйлөр, дүкөндөр чаңга басылып жатат.

Акыйкатчы өкүлдөрү тарабынан жеке жарандарга консультация берилип, жазуу түрүндө арыздар кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий