• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Укук кербенинин» мүчөлөрү Бишкекке жөө жөнөгөн Дыйкан-Кыштак айылынын тургундары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Кечээ, 5-октябрда, «Укук кербени» долбоорунун мүчөлөрү КР Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси баш болгон топ Кара-Көл шаарында Ош облусунан Бишкек шаарына жөө жөнөгөн Кара-Суу районунун “Дыйкан-Кыштак” айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, укук коргоочулар менен жолугушууда жөө жүрүштүн катышуучулары Кара-Суу районунун сотунун, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана адвокаттардын аракеттерине даттанышты. Аларды мындай жөө жүрүшкө түрткөн жергиликтүү бийликтин бул тургундардын турак-жайын сүрдүрүп салуу тууралуу чечимине нааразычылыгы болгонун билдиришти. Алар турак-жайларын банктан насыя алып салышканын белгилешти.

Жүрүштүн катышуучулары белгилегендей, алар бул сапарга чыкканына 5 күн болгонун, жол боюндагы мечиттерде түнөп, ал эми тамак-ашты жергиликтүү тургундар берип жатышканын белгилешти. Алар борбор калаага акыйкаттык издеп келе жатышканын маалымдашты.

Мындан сырткары алар, буга чейин айрым ММКларда бул жүрүштүн катышуучуларынын артында бир саясий партиянын лидери турат деген жарыялоону четке кагышты. «Бишкекке жөө барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн өзүм билемдиги менен күрөшүү чечимин өз алдынча кабыл алдык, бизди тынчсыздандырган турак-жай маселебиз эле”, - деп белгилешти «Дыйкан-Кыштак» айылынын тургундары.

Алар КР Акыйкатчысына жазуу жүзүндө кайрылышканын маалымдашты.

Учурда бул тургундардын арызы КР Акыйкатчысынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгү тарабынан каралып жатат.

Пикир

Оставить комментарий