• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Укук кербенинин” сапары Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында уланат

Коом 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту тарабынан демилгеленген “Укук кербени” долбоору өз ишин улантып жатат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш чаралар 10-декабрь - Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган.

Белгилендей, бүгүн, 6-октябрда аталган кербен өз ишин Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында улантат.

Атап айтканда, Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин бир тобу КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Г.Жамгырчиеванын жетекчилигинде Баткен облусунун Кадамжай сурьма комбинатынын маданият үйүндө саат 10:00дө жергиликтүү калк менен жолугушуу болот.

Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси А.Азарбеков жетектеген топ Жалал-Абад облусунун Аксы районунун эли менен саат 10-00лө райондук мамлекеттик администрациясында жолугушат.

Ал эми курамында Акыйкатчынын борбордук аппаратынын Жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана документ менен камсыздоо башкармалыгынын башчысы Келсинбек кызы Кереметкан жана Акыйкатчы аппаратынын эксперттик-укуктук иштер секторунун башчысы Урмат Аралбаевдер кирген үчүнчү топ саат 11:00дө Талас облусунун Кара-Буура районунун эли менен жолугушат.

Эскерте кетсек, Акыйкатчы институтунун демилгеси менен сапарга чыккан "Укук корбени" 4-октябрдан тартып өз ишин баштаган.

Пикир

Оставить комментарий